“Коңшу мамлекеттер менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат. Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөр динамикалуу жүрүп жаткандыгын бардыгы билишет. Тышкы иштер министрлиги бул багытта кандай иштерди жүргүзүп жатат?”, – деп сурады депутат ТИМдин башчысы Руслан Казакбаевден.
“Чек ара маселелери сүйлөшүүлөр жолу менен жана эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилиши керек. Ооба, Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, тиешелүү комиссиялар тарабынан иш алып барылууда. Бул мамлекеттер менен биздин тарыхыбыз жана достук мамилелерибиз бар. Ошондуктан, бул маселени тынчтык жолу менен гана чечүү керек», – деди министр.
Депутат Тажикстандын отставкадагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин Ворухту анклав катары тааныбоо жөнүндө айткан сөзүнө жооп бериши керек экенин айтты.
“Биздин аймакта Ворух деген эң чоң анклав бар. Ошону азыр анклав экенин моюнга албай жатат. Мени тынчсыздандырганы ал мурунку тышкы иштер министри экен. Биз тараптан дайыма Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагын чечип алалы деген демилге болот. Алар 1990-жылы жарандык согуш болуп жатканда да биз түшүнүп, стабилдүүлүк болсун деп бул маселени көтөргөн эмеспиз. ТИМ элементардуу мындай сөзгө реакция билдиришиңер керек. Ал пенсияда болсо да эки элдин ортосундагы мамилени курчутуп жатат.
Анклав – бул мамлекеттин аймагынын бардык жагынан башка мамлекеттер тарабынан толугу менен курчалган бөлүгү. Ворухка кандай аныктама беребиз? Ушундай нерселерге тажрыйбалуу жетекчи катары сиз мындай билдирүүлөргө өз убагында жооп кайтарышыңыздар керек. Анклав маселеси аймактарды алмашуу жолу менен чечилет. Цивилизациялуу жол менен чечилип келе жатат.”, – деди депутат.
“Мен сиздин оюңузга толугу менен кошулам, бирок адатта мындай маселелерди жабык эшик артында карайбыз. Айтыла турган сөздөр бар, журналисттердин көзүнчө айтылбай турган андан да көп сөз бар. Туура көрсөңүздөр чек ара маселесине назик маиле жасап, кийинки отурумдарда жабык эшик артында кененирээк талкуулайлы”, – деди депутат Исхак Пирматов Кыдыралиевге кайрылып.
«Бул жерде эч кандай жашыруун суроолор жок. Дүйнө жүзүндө мындай маселелерди чечүүнүн принциптери бар. Эгерде туура эмес комментарийлер болсо, анда биз аларга реакция кылышыбыз керек », – деп кошумчалады Кыдыралиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ