Президенттик шайлоо жакындагандан баштап, ар жерде ар кандай кептер айтылып жатат. Президенттик ат салышууга ниети бар партиялар өз талапкерлерин ачыкка чыгарып коюшту. КСДПдан Президенттик талапкерликке Сооронбай Жээнбековду алып чыгышканда, социалдык блоктордо жайнаган жаштар “КСДПда жаштар жокпу” деп, нааразычылык билдире башташкан. Себеби, С.Жээнбековго чейин Сапар Исаковду алып чыгышат экен деген кабар тарап жүргөн. Социалдык түйүндөрдө да С.Исаков тууралуу көп жакшы пикирлер жазылып жүргөн. КСДП С. Жээнбековдун талапкерлигин алып чыккандан кийин жаштардын тилегине чагылган тийгендей болуп үч төрткө бөлүнүп кетишти. Көпчүлүгү жаш жана тажрыйбалуу реформатор деп Ө.Бабановго ыктап кетишти. Анткени, социалдык блоктордогу сурамжылоолордо Ө.Бабановдун рейтингине эч ким жете элек. Эске сала кетсек өлкөнүн 65 пайызын жаштар түзөт экен.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ