Menu

Медет Садыркуловдон кийинки саясый феномен Фарид Ниязов

Бөлүшүү:

Каалайбызбы-каалабайбызбы, баары бир Фарид Ниязовдун саясаттын күрөө тамырын кармай алган сергектигине, көрөгөчтүгүнө таң бериш керек. Канча жылдан бери Атамбаевдин «азоо кыялына» чыдап, тил угуп, бир канча ирет кетип калууга ниеттенип, бирок шефин кыйбай, ошол эле маалда мамлекетчил табияты да түз жолго түртүп келгенин айт. Публикада башкалардай оюнчу болбогону менен алдын ала саясый жүрүштөрдү жасап, душмандарды майтарууда эч кимдин оюна келбеген идеяларды баштап, мамлекеттик түзүмгө коркунуч келтирүүгө киришкен фигуранттарды жыгууда тымызын салым кошкону, ошол эле кезде өзүн автор санабай, ойлогон ойлору реалдуулукта ишке ашып атканына гана ыраазы болгон тапкыч кадр. Канча жыл Атамбаев менен иштешип, «ысыгына күйүп, суугуна тоңуп», эми Сооронбай Жээнбековдун башкаруу багытын ырааттуу жолго салуу үчүн күн-түн дебей кызмат кылууда. Кечээ Медет Садыркулов аппаратчик катары кандай амалдуу, саясый фено­мен болсо, Фарид Ниязов бүгүн ошондой деңгээлге жеткени жашыруун эмес. Мындай бийиктикке чыгуу үчүн канчалаган стресс жана коомчулуктун соккусу бышырса, аныгында, ошол жүктү көтөрө ала турган бекем мүнөз болуш керек экен…

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: