Бишкекте, 16-17-сентябрда өткөн КМШнын 25 жылдык саммитине келген меймандарды “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Алмаз Атамбаев тосуп алганы менен кайра аларды “иттен чыгарып”, узатып койгонго жарабаптыр. 16-сентябрдын кечинде эле башталган “днюха”- туулган күндөн “терең уктап калган” Атамбаев казак президентине көңүл бурбай койгондуктан ал киши бир нече саат өзү жалгыз калып, анан кескин түрдө чечим кабыл алып, эртеси 17-сентябрда боло турган 1916-жылдагы Улуу Үркүндүн 100 жылдык эскерүү күнүн күтпөстөн , Атамбаев менен коштошпой учуп кетип калган. Эмесе 1916-жылдагы Үркүндөн кыргыздар менен тең эле казактар да жапа чегишкен. Алдын-ала протоколдук макулдашууда казак президентинин администрациясы Нурсултан Назарбаев бул иш чарага катыша тургандыгын тастыкташкан экен. Ошого карабай Улуу үркүндүн 100 жылдык эскерүү күнүн 17-сентябрда президенттерден Путин менен Атамбаев гана эскеришкен.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ