Өзбекстанда бүгүнкү күнгө карата вакцинанын терс таасири 71 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык кызматынын башчысынын орун басары Нурмат Отабеков билдирди.
Анын айтымында, 6-апрелге карата Өзбекстанда 49 200 киши эмдөөдөн өткөн. Алардын ичинен 29 860 адамга AstraZeneca, 19 742 адамга кытай-өзбек биргелешкен ZF-UZ-VAK2001 вакцинасы колдонулган.
71 кишинин: 45,7% дене табы 37,5 градуска чейин көтөрүлгөн, 22,2% денеси талыкшып, ооруксунган, 14,1% ийне сайылган жерлери кычышкан, 11,2% ийне сайылган жер ооруган, 2,2 % ачуусу келип, алсырап жана коркуу сезимдери пайда болгон.
Отабеков кайсы вакцинада терс таасирлер болгонун айткан жок.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ