Menu

Өлкөдө дагы 151 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, илдеттен каза болгондор катталган жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 151 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 74, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 47, Нарын облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 16, Жалал -Абад облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 89 811 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 112 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 85 719га жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 60, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 35, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 2.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1516га жеткен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: