Бүгүн, 12-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 145 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 107, Ош шаарынан – 2, Чүй облусунан – 25, Ош облусунан – 1, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 3. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 90 372 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 103 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 86 028ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 66, Ош шаарынан – 5, Чүй облусунан – 29, Жалал-Абад облусунан – 3.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 3, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 1. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1528ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ