Menu

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-апрелде Бишкек шаардык соту Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановдун адвокаттарынын 2020-жылдын 9-октябрындагы башаламандыктар боюнча аппеляциялык арызын карады.

Анда жактоочулар Курсан Асановдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү суранышкан.

Кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Курсан Асановду камактан бошотту.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 9-октябрындагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Айыпталуучу катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мамлекет башчысынын аппаратынын экс-башчысы Фарид Ниязов, Ички иштер министрлигинин мурунку орун басары Курсан Асанов, УКМКнын Тогузунчу кызматынын экс-кызматкери Канат Сагымбаев, активист Темирлан Султанбеков өтүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: