Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында бажы кызматы 8,4 млрд. сом чогулткан жана белгиленген болжолду 87% аткарган. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Коронавирус пандемиясы жана ага байланыштуу товарларды өткөрүү боюнча чектөөлөр өлкөлөр ортосундагы соодага өзүнүн терс таасирин тийгизүүнү улантууда.
Импорттун көлөмүнүн төмөндөшү бажы төлөмдөрдүн көлөмүнө дагы таасирин тийгизди, бирок ошого карабастан өткөн жылдын 1-кварталына салыштырмалуу Мамлекеттик бажы кызматы 2,6 млрд. сомго көп бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылган, өсүү темпи 2020-жылдын 1-кварталынын көрсөткүчүнө карата 144,5% түздү.
Айларга бөлүп караганда 2021-жылдын 1-кварталына карата бажы төлөмдөрдүн түшүүсү төмөнкүдөй:
Айлар | 2020-жыл
миң сом |
2021-жыл
миң сом |
Өсүү темпи,
(%) |
(+/-)
миң сом |
Январь | 1 963,5 | 1 979,9 | 100,8 | 16,4 |
Февраль | 1 820,8 | 2 785,3 | 153,0 | 964,5 |
Март | 2 048,9 | 3 664,2 | 178,8 | 1 615,3 |
1 кварт | 5 833,2 | 8 429,4 | 144,5 | 2 596,2 |
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ