Menu

Депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекетке кайсы мүлкүн өткөрүп бергени белгилүү болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-апрелде коррупцияга шек саналып кармалган депутат Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 миллиард сом төлөгөнү жана эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулганы белгилүү болгон.

Маалым болгондой, депутат УКМКнын эсебине 45 миллион сом которуп жана Таш-Көмүр шаарындагы (Ноокен району) цемент заводун мамлекетке өткөрүп берген.

Жумалиев буга чейин Таш-Көмүр шаарында завод курган, ал быйылкы жылы иштеп башташы керек болчу. Бардык шаймандарды ал Кытайдан сатып алган. Завод 955 миллион сомго бааланган. Учурда аны Маммүлктүн эсебине өткөрүү жол-жобосу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алууда, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда.

Ал 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча УКМК тарабынан кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 4-апрелге чейин камалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: