Menu

Баткенде үйүндө курал-жарак сактап жүргөн жаран кармалды

Бөлүшүү:

Баткенде үйүндө курал-жарак сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун аймагында белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз курал сактап, аны мыйсамсыз түрдө сатып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Бул маалымат КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү ) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, Баткен ОИИБнын Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө аракеттеринин негизинде Баткен облусунун жашоочусу 58 жаштагы Т.С. эч кандай тиешелүү документтери жок, ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир даана сайлуу ок атуучу куралын, ИЖ-56 “Белка” эки стволдуу ок атуучу куралын, беш даана 28 калибрдеги гильзалары жана бир даана аңчылык бычагын саткандыгы аныкталган.

Үйүндө курал-жарак сактап жүргөн жарандар кармалды
Соттон тинтүү жүргүзүү уруксаты менен 58 жаштагы Т.Снын жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөн мезгилде сактап жүргөн бир даана 1953-жылы чыгарылган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү үстүндө оптикасы бар сайлуу ок атуучу куралы, бир даана ВЗ-1 үлгүсүндөгү пневматикалык ок атуучу куралы жана 6 даана 7,62х39 үлгүсүндөгү октору далил буюм катары алынган.

Баткен ОИИБнын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Т.Снын кылмыштуу шериги 39 жаштагы Ш.У. экендиги аныкталды. Ш.У. аттуу шектүүнүн жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөндө бир даана ТОЗ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын, 1953-жылы чыгарылган СКС үлгүсүндөгү ок атуучу куралын жана 7,62х39 SP үлгүсүндөгү жалпы 28 даана октору менен сактап жүргөн жеринен аныкталып алынган.

Жалпысынан далил буюм катары 6 даана ок атуучу курал, 42 даана октор жана 1 даана аңчылык бычагы алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ал эми шектүү катары кармалган Т.С. менен Ш.У. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

28 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: