Menu

Орусияда беш жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу инспектор түзөтүү жумуштарына кесилди

Бөлүшүү:

Орусиянын Серпухово шаарында беш жашар Хувайдо Тиллозоданын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу шалаакылыкка айыпталган тилкелик инспектор 10 айга тузөтүү жумуштарына кесилди.

Серпухово шаардык сотунун чечими менен Георгий Кузнецовдун полицияда эки жыл иштөөсүнө тыюу салынды. Бирок маркум кыздын атасы өкүмгө канааттанган жок.

2018-жылы 22-июлда сыртта ойноп жүргөн жерден дайынсыз жоголгон Хувайдонун зордукталып жана мыкаачылык менен бычакталган сөөгү эртеси темир жол станциясынын жанында спорттук баштыктан табылган.

Полиция кылмышка шектүү катары маркумдун 28 жаштагы коңшусу Александр Семинди кармаган. Тергөөдө былтыр да анын үстүнөн арыздар түшүп, бирок полиция кызматкерлери көңүл бургусу келбей койгону ачыкка чыккан.

Хувайдонун атасы кызынын өлүмүн иликтөө иши дагы атайын создуктурулуп жатканын маалымдады. Анын айтымында, тергөө материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат. Ал тажик бийлигине кайрылып, бул ишти адилет тергөөгө жардам берүүнү суранды.

2018-жылы 24-июлда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) беш жаштагы Хувайда Тиллозоданын өлүмүнө байланыштуу Орусия ТИМине нота жөнөткөн. Тажик тарап анда Москваны «бул кылмышты жакшылап иликтөөгө» чакырып, «кылмышкерди катаал жазага тартууну» талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: