Menu

УКМК органдары мамлекеттин бюжетине 5 миллиарддан ашык сомду толуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, алынган бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке которулуп жаткандыгы боюнча коомчулукка маалымдайт.

2020-жылдын октябрь айынан ушул күнгө чейин УКМК мамлекеттин кирешесине 5 миллиард сомдон ашык каражатты кайтарып берди. Алардын;

– 2 миллиард сом мүлк түрүндө;

– 3 миллиард сомдон ашыгы акчалай түрүндө.

Ошол эле учурда, бул каражаттардын бир бөлүгү учурда тергөө амалдары жүрүп жаткан кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөөнүн жыйынтыгында, каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-январында “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизилген, ага ылайык укук коргоо жана көзөмөл органдары жарыяланган каражаттарды өз муктаждыктары үчүн колдонууга укугу жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: