Menu

Бабановду “Бабаноид” деген Атамбаев өзү Кремлге чөгөлөп барды го…

Бөлүшүү:

Кыргызстанда болуп жаткан коомдук-саясий абалды анализдеп, түзүлгөн кырдаал боюнча төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарса болот:

1. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди кабыл алуу менен өлкөнүн ички ишине түздөн-түз кийлигишип, Атамбаевди сактап калат деген картинаны Атамбаев жана Атамбаевдин тарапташтары коомчулукка таңуулаганы жана алардын максаттарын таш каап, баардыгы алар күткөндөгүдөй деңгээлде эмес. Теңирден тескери болгонуна жалпы коомчулук күбө болду. А чынында Путин мурдагы коллегасы катары Атамбаевди кабыл алып адамгерчиликтүү ишке гана барды. Путиндин башка өлкөлөрдүн да кызматтан кеткен Президенттери менен ыраттуу жолугушуп жүргөнүн көрүп эле жүрөбүз. Анын үстүнө ЖЖКУ (ОДКБ) нын толук кандуу мүчөсү катары Путин Борбордук Азиядагы абалга дайым көз салып келет. Дүйнөлүк геосаясатты эске алганда региондогу абалдын тынчтыгы биринчи ирээт Россияга керек. Анткени бул региондун өлкөлөрү менен Россиянын көптөгөн экономикалык долбоорлру бар экендиги белгилүү. В.В.Путин жалпы элди, бүткүл саясий күчтөрдү өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырганынын түпкү максатты да Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү стабилдүүлүктү сактоо болуп саналат.

2. Атамбаев өзүнүн башка өлкөнүн Президенти Путинге жалдырап барып жолугуп келиши мурдагы Президент , же жөн гана Кыргыз Республикасынын жараны катары да ага аброй алып келбейт. Ал Путинге жолугушуу үчүн өз таанышы жана досу Бельяниновду ортого салып, бир нече ирээт кат жазып катуу аракет кылганын маалымат каражаттарынан кеңири эле айтылып жатат. Атамбаев өз элинен колдоо таба албасына көзү жетип, айласы кеткенде жеңил пайдага азгырылып, башка өлкөнүн Президентинин колдоосун алууга аракет кылып келет. Качанга чейин Кыргызстандын бийликке барайын деген же бийликтен кеткен саясатчылары башка өлкөнүн жетекчилеринин алдына жүгүрүп чуркаганын токтотот? Убагында «Назарбаевге барды» деп Бабановду сындап жүрүп, Атамбаев эми жанына күч келгенде өзү Путинге барып, өлкө жетекчилигин жамандап, башка өлкөдөн жардам сурап, өз элинен чыгып калганын айгинеледи.

3. Өзү менен бирге иштегендердин дээрлик бардыгы коррупцияга шектелип камалып, иш козголуп, сот жообуна тартылып Атамбаевдин эл алдында абийири төгүлө баштады. Өзү болсо тергөөдөн качып, суракка барбай, кыргыз мыйзамдарына баш ийбей, коомчулуктун пикирин эске албай, өз үйүнө чеп орнотуп эптеп жанын сактап калуунун айласын көрүүдө. Атамбаев мындай аракети менен башка жарандарга тескери үлгү көрсөтүп, мыйзамды сыйлабоого чакырып, өлкөдөгү абалды курчутуп, жөнөкөй жарандарды жана айрыкча жаштарды провокациялык аракеттерге үндөп, жеке кызыкчылыгы үчүн жанын үрөп аракет кылууда. Атамбаев мындай бузуку аракеттерин токтотуп, жакын аралыкта сөзсүз түрдө суракка барып, мыйзамга баш ийип, укуктук талаага кайрылып келип, анын мойнуна тагылган күнөөдөн арылуунун жолун издеш керек. Өзү Президент болгон кезде «мыйзам баарына бирдей» деп башкаларды куугунтукка алган. Эми өз башына келгенде мыйзамга баш ийбегенин кандай түшүнсө болот?

4. Атамбаев өзүнүн бузукулук аракети менен түндүк түштүк маселесин курчутуп, бир региондун элин басынтып, жалпы эл тарабынан шайланган Президенттин, Парламенттин жана Өкмөттүн, дегеле өлкөдөгү белгилүү саясий жана коомдук ишмерлердин дарегине баягы көнгөн мазак сөздөрүн айтып, адамдык кадыр-баркына шек келтирип, адам укугун эбегейсиз тебеледи. Бул үчүн ал мыйзам алдында, эл алдында, абийир алдында жооп бериши керек.

5. Кыргызстанга азыр өлкөдөгү тынчтык жана стабилдүүлүк абадай керек. Андыктан өлкө Президенти деле «Бир Атамбаевге өчөшөм жана эрегишем» деп Атамбаевчесинен балп этип, өйдө-төмөн сүйлөбөй өз ишин токтоолук менен улантып жатат. Бирок бардык нерсенин чеги бар. Атамбаевдин мындай мыйзамсыз аракеттери чексиз улана берүүгө болбойт. Ал тез аранын ичинде суракка барып, анын үстүнөн тергөө жүрүп сот жыйынтыгын чыгарышы керек.

Баса, Атамбаев азыр Кой-Ташты кандай коргосо, өзү Президент кезде мамлекеттин да чек арасын ошондой коргогондо бир аз да болсо өз элин сүйгөн башчыга окшошураак болмок.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: