Баткен районунун Кара-Бак айылындагы «Бото Нарматов» атындагы орто мектебиндеги окуучулардын массалык мушташы боюнча окуяны, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Ыйгарым укуктуу өкүл бул окуя боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Эрлан Сапарбаевге, атайын комиссия түзүп, окуянын чоо жайын дыкат иликтөөнү милдеттендирди.
Ошондой эле окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо, коомчулукта, өзгөчө мектеп окучуларынын арасында урууларга бөлүнүп, топтошуп мушташуу сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөө, алдын алуу иш чараларын жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Окуя кечээ 15-апрелде болжол менен саат 13.30дар чамасында болгон.
Бул факты РИИБнин КЖБРнин МЭЖне катталып, териштирүү иштери башталды.
Окуядан 4 окуучу жабыркап, Баткен облустук ооруканасына кайрылган. Алардын экөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Экөө ооруканага жаткырылган. Төртөөнүн тең абалы канааттандыраарлык.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ