“2010-жылдагы июнь окуялары боюнча маселени кайра козгоо опурталдуу”, – деп билдирди 17-апрелде ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков.
“Көптөгөн фактылар бизде да бар. Аларды керек болсо биз чыгарганга мүмкүнчүлүк берилип жатат. Анда азыркы маселе башка нукка бурулуп кетиши ыктымал. Биз баарын айтып беребиз, Убактылуу өкмөт ошол учурда эки тараптын ортосунда болуп, аскерлер жетпей, токтотконго аракет кылып жүргөнбүз”, – деди Исмаил Исаков.
Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Июнь окуясы боюнча материалдарды иликтөөнү эки апта мурда тапшырган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ