Menu

Москва районунда ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бөлүшүү:

Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Москва районунун ИИБнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, аны ири суммадагы акча каражатына бирөө алдап кеткенин билдирип анын аркасында кыймылсыз мүлкүнөн да айрылып калганын билдирген.

2019-жылдын июнь айларында арыздануучу Ч.О. таанышы Т.Э. аттуу жаран менен ич ара келишишип, банктардын биринен насыя алуу максатында, арыздануучуга таандык болгон Москва районунда жайгашкан киши жашабаган имаратын Т.Э. аттуу жаранга сатып алуу, сатуу боюнча келишим түзүшүп, Т.Э. ге өткөрүшүп, алган насыяны төлөп бүтөргөн соң имаратты кайра ээсине катаруу боюнча макулдашуу болгон.

Т.Э. имаратты өзүнө өткөрүп алган соң эки жолу ири өлчөмдө банктан насыя алып, каражаттын баарын өзүнүн керектөөсүнө иштетип, арыздануучуну алдоо жолу менен 1 000 000 сомдон ашык акча каражатын банкка төлөтүп, насыя төлөнүп бүткөн соң имаратты башка бирөөгө сатып жибергенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодесинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Москва районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы алдымчылыкка шектелип, 33 жаштагы Т.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: