Menu

Зеленский Путинге Донбасста жолугушуу уюштурууну сунуштады

Бөлүшүү:

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге Донбасста жолугушуу уюштурууну сунуштады.

Зеленский элге жасаган кайрылуусунда Украина согушту каалабай турганын, бирок өзүн коргоого даяр экенин билдирди. Ал жарандарды «согуш баштоого» чакырып жаткан саясатчыларды укпоого жана абалды чыңалтпоого үндөдү. Сөзүнүн аягында украин лидери орус тилинде Орусияга кайрылды.

«Бир жолу Орусиянын президенти согуштан качып кутулууга мүмкүн эмес экенин, алгачкылардан болуп сокку жасоо керектигин айткан. Бирок бүгүнкү күндө кеп миллиондогон адамдын өмүрү жана чыныгы согуш жөнүндө болуп жатканда, ар бир лидер согуштан качып кутулууга болорун түшүнүшү керек деп ойлойм. Мушташтан айырмаланып, согушта бардык тараптар утулат. Кол салуу менен кимдир бирөөнү коргоого болбойт», — деди Зеленский.

Анын айтымында, Украина менен Орусия келечекке эки башка көз карашта карайт, бирок аларда алдыдагы аскердик жоготуулардын алдын алууга мүмкүнчүлүк бар. «Путин мырза! Мен андан да ары барып, сизге согуш жүрүп жаткан Донбасстын каалаган жеринде жолугушууну сунуштоого даярмын», — деди ал.

Азырынча бул сунуш боюнча Кремлдин реакциясы белгисиз.

Зеленскийдин бул кайрылуусу Украинанын чыгышындагы абал чыңалып турган учурда жасалды. Донбасстын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарына жана аннексияланган Крым жарым аралына жакын жерге орус жана украин күчтөрү тартылган. Европа биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррелдин баамында, Орусия Украина чек араларына жакын жерлерге 150 миңге чукул аскерин жайгаштырган.

Москва аскерлер машыгуулардын алкагында жайгаштырылганын билдирүүдө.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: