Menu

ИИМ: Бишкекте Ооганстанда өндүрүлгөн 5кг 895 грамм «гашиш» (чарс) баңги заты кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери баңгизаттарды сатуу менен алектенген каналын аныктоо жана алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операциясын ийгиликтүү аякташты.

Баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген каналды аныктоо жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 18-апрелинде БМЖКККнын кызматкерлери Чүй облусу боюча атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринин колдоосу менен Бишкек шаарынын Масалиев көчөсүнөн А.А., аттуу жарандын башкаруусундагы «Мицубиси-Спейстар» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.
Унаага кароо жүргүзүү учурунда жүргүнчүнүн арткы отургучунун алдынан өзгөчө кендир жытына ээ болгон, кара жашыл түстөгү таңгакталган зат табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат 5кг 895 граммды түзгөн «гашиш» (Оогандан өндүрүлгөн чарс) баңги каражаты экени аныкталган.

Кармалган убактылуу кармоочу жайга киргизилип, КР Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) алкагында аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: