Menu

Хорезмде 20 жаштагы кызды сабаган төрт аял соттолду

Бөлүшүү:

Хорезм облусунун Кушкупир райондук соту 20 жаштагы кызды сабаган аялдардын тобуна карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Өзбекстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылы июнда аталган райондун Окдарбанд айылынын тургундары аялдардын биринин үй-бүлөсүн бузуп жатат деген жүйө менен 20 жаштагы кызды сабап салышкан.

Аларга карата «Топ адам тарабынан жасалган бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сот жабыркаган кыздын аялдарга карата эч кандай дооматы жок экенин эске алып, үч аялды 1 жыл 6 айга, төртүнчүсүн 1 жылга эркинен ажыратты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: