Бүгүн, 23-апрелге карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 272 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 148, Ош – 6, Чүй облусунан – 86, Ош облусунан – 4, Талас облусунан – 2, Нарын облусунан – 3, Ысык-Көл облусунан – 18, Жалал-Абад облусунан – 4, Баткен облусунан – 1. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 93 278 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 163 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 87 717ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 78, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 52, Ош облусунан – 3, Нарын облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 15, Жалал-Абад облусунан – 6, Баткен облусунан – 4.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор: Бишкек шаарынан – 4, Чүй облусунан – 3. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1573кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ