Menu

Кыргызстан уурдалган эки жараны тууралуу Тажикстанга нота жөнөттү

Бөлүшүү:

Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргызстандык эки жаранды уурдоого байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүгө нота жиберди. Мекеменин маалыматында Тажикстандын укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттерине кыргыз тараптын тынчсыздануусу жазылган.

26-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушкан. Анда Ниязалиев чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган иш-аракеттерге жол бербөө зарыл экенин белгилеген. Кыргыз тарап окуянын жагдайын тактоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө тажик тарапты чакырды.

Лейлек районунун Бешкент айылында изделип жаткан эки жаран 24-апрелде Тажикстандан табылып, бошотулган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин эки жигит менен кошо мурда чек арадан мыйзамсыз өткөн деген негизде коңшу өлкөдө кармалып турган дагы алты кыргызстандык бошотулганын өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү “Азаттыкка” билдирген.

Маалыматка караганда, эки жигиттин ден соолугу жакшы, азыр алардын эмне себептен кармалганы иликтенип жатат.

Бешкенттик жигиттер 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта үй салып жаткан жерден дайынсыз жоголгон.

Алардын биринин энеси окуя болгон жерден тартылган видеону интернетке таратып, элден, бийликтен жардам сураган. Анда жигиттердин бут кийимдери кан болуп, бирөөсүнүн кол телефону төшөгүндө калганын көрүүгө болот. Жакындары коңшу мамлекеттин жарандары жигиттерди курулушту токтотуу үчүн уурдап кетти деп божомолдошууда.

Лейлек районунун бийлиги азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эрте экенин, окуя иликтенгенден кийин так маалымат берилерин маалымдады.

Тажик тарап азырынча расмий комментарий бере элек.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 97

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: