Menu

Казакстан «Самрук-Казына» фондунун кызматкерлери үчүн миллион доза Sinopharm вакцинасын сатып алды

Бөлүшүү:

Казакстан Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн Кытайдын Sinopharm вакцинасынын миллион дозасын сатып алды. Бул маалыматты мамлекеттик ооруканаларга дары-дармек жеткирген «СК-Фармация» компаниясынын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, вакцинанын бир дозасы 31,1 долларга (жалпы баасы 31,1 миллион доллар) бааланды.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги вакцина «Самрук-Казына» фондунун буйрутмасы жана каржылык колдоосу менен сатып алынганын билдирди. Препараттар биринчи кезекте аталган фонддун кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө сайылып, артканы башка жарандарга багытталат.

«Самрук-Казына» фондунун сайтындагы маалыматка ылайык, сатып алынган вакцина 500 миң кишини эмдөөгө жетет. Өлкөгө апрелдин аягына чейин 400 миң доза, май айында дагы 600 миң доза жеткирилет деп күтүлүүдө.

«Самрук-Казына» улуттук бакубаттуулук фонду 2006-жылы өлкөнүн квази-мамлекеттик тармагындагы ондогон ири компанияларды бириктирүү жолу менен түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын активдери 63 миллиард долларга жетет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

30 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: