Menu

Индира Жолдубаева коррупцияга шектелген прокурорду жазалагандын ордуна жогорку кызмат берип, депутаттарды алдады

Бөлүшүү:

Буга чейин ММКлар аркылуу Токтогул районунун мурдагы прокурору Марлен Чоробековго Токтогул районунун жашоочулары тарабынан “Марлен Чоробеков, коррупциялык иштерге барды, кылмышкерди калкалап жатат” жана башка ушул сыяктуу айыптар менен Президентке кайрылгандар байма-бай чыгып келген. Бирок, эч кандай жыйынтык болбой, алар Жогорку Кеңештин депутаттарына арыз менен түз өздөрүнө кайрылганга аргасыз болушкан. Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Руслан Казакбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңешке отчет бергенге келгенде жогорудагы маселени көтөрүшкөндө, Жолдубаева: “Марлен Чоробеков боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат, ал өз каалоосу менен кызматтан кетти” деп коюп, эртеси Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын биринчи орун басары кызматына милдетин аткаруучу кылып коюп, кызматтан жогорулатканын депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеңеште айтып чыкты. Депутат Руслан Казакбаевдин сөзүн оңдобой беребиз: -“Эгерде жарандар кайсы бир мамлекеттик кызматкерди коррупция беренеси менен айыптап жатса, демек бул жагдайды дыкаттык менен текшериш керек. Ушуга байланыштуу эки жума мурун Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде жылдык отчетун берип жатканда Марлен Чоробеков аттуу Токтогул районунун мурдагы прокуроруна нааразы болгон жарандардын арыздары жана коррупцияга шектелген жагдайлар боюнча башкы прокурорго суроо болгондо, “Ал иш боюнча тергөө жүрүүдө, жана тергөө жыйынтыгы менен тааныштырам” деп айтты эле. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында СДПК партиясынан депутат Төрөбай Зулпукаров ушул эле суроону Башкы прокурорго бергенде “Чоробеков өз арызы менен жумуштан кетти, кызматтык териштирүүлөр жүрүп жатат” деп жооп берген. Бирок, биздеги маалыматтарга караганда Марлен Чоробековдун үстүнөн текшерүү иштери жүргүзүлбөстөн, тескерисинче Башкы прокурор отчет бергендин эртеси эле күнү 14-апрелде Марлен Чоробеков Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын биринчи орун басары кызматына милдетин аткаруучу деген буйрук чыгарылып, жогорку кызматка дайындалды. Урматтуу Чыныбай Акунович, урматтуу Президентибиздин өкүлү, акыркы 4 жыл ичинде коррупцияга каршы иштер арбын жүрүүдө. Бирок, бүгүнкүгө чейин прокуратура кызматынын өздүк коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы тарабынан коррупция менен шектелген бир дагы прокурор кызматкери айыпталган жок. Ошол эле учурда прокурор Марлен Чоробековдун коррупцияга каршы тиешеси бар деп коомчулук тарабынан айыпталганына карабастан Башкы прокурор айымыбыз Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга жалган маалымат берип, Чоробековду жазалабастан, тескерисинче кызматтык тепкич менен өстүрүп жатат. Чоробековго коюлган айыптар боюнча иликтөө жүргүзүлгөндүгү, анын жыйынтыктары жана эмне себептен ушул адамды жумушка дайындоо боюнча жашыруун сыр кылып, депутаттарга жалган маалымат таралгандыгы боюнча расмий жооп беришиңиздерди талап кылам!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: