Menu

Кубан Чороев “сыйкырчы” экономистпи?

Бөлүшүү:

Акыркы кезде баары бүтүп, банктан насыя алгандарды башкы темага айлантып, аларга «жардам» берчү топ пайда болгонун көрүп жүрөбүз. Маалыматтарга караганда, бул топтун башында өзүн экономист, финан­сист катары көрсөтүп жүргөн Кубан Чороев аттуу мырза менен, 2013-жылы Ысык-Көлдөгү саруулуктардын ири митингинде ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди 6 саат барымтага алгандар катарында кылмыш иши козголгон Акылай Кенекеева аттуу айым турат экен. Бул топтун ишмердүүлүгүнө көз чаптырсак, алгач булар насыячылардын укугун коргомуш, күйүмүш болуп, Кыргызстандагы бир топ банктарды тизмелеп, элдин карызын кечсин де­ген талап коюп жүрүшкөн. Байкасак, бул «активисттер» асылган банктардын саны азайып, эми бул экөөнүн «барымтасында» 2-3 эле банк калыптыр. Себеби эмнеде? Бул башка банктар насыячылардын маселесин чечип бүттү дегендикпи же Чороев менен Кенекеева ири каржы булагы болгон банктардан өз үлүшүн алып бүтүп, элди унутуп калдыбы? Деги булардын максаты эмне? Эч ким тааныбаган эмелер кыйналып турган жарандарды алдап, аларды жеке кызыкчылыгы үчүн аскер катары пайдаланып жаткан жокпу? «Карыз алып, төлөбөй койсоң болот» деген убаданы супер аферист гана бере алат го?

Насыясын убагында төлөй албай, кыйынчылыкка тушуккандар жалпы насыячылардын 5%ын гана түзөөрүн эске алсак, калган 95%ы адал эмгеги менен өз убагында төлөп, тынч жашоо кечирип жатышпайбы? Албетте, ар кандай иште тобокелчилик бар. Кайсы өлкөдө 100% көрсөткүч бар экенин кыйын «экономист» айта алат бекен? Экинчи дүйнөлүк согушта Гитлер, башкы душманы – совет өлкөсүн кыйратыш үчүн, анын жасалма акчаларын самолёт менен чачып, элди дүрбөлөңгө салганга аракет кылганы айтылып келет. Айрым насыячылар­дын «коргоочулары» ушундай тышкы диверсанттар эмеспи?

Булак: «Де-факто»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: