Бүгүн, 28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты. Бул тууралуу ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Ак-Сай айылында жайгашкан Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жарыктандыруу үчүн коюлган мамычага тажик жарандары тарабынан видео көзөмөл орнотулган. Видео көзөмөлдү экинчи мамычага да орнотуп жатканда кыргыз чек арачылары аларды токтотушкан. Бул боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп жаткан маалда Тажикстан тараптан ок атылган. Бактыга жараша эч ким жарадар болгон эмес.
Учурда эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстан камераларды алып салууну талап кылууда. Бирок тажик тарап буга макул болбой жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ