Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго, премьер-министр Улукбек Мариповго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылууу жасашты. Видеокайрылуу социалдык тармактарга жарыяланды.
Жергиликтүү тургундар президенттин, премьер-министрдин жана УКМКнын башчысын Баткенге келип, маселени жеринен чечүүнү суранышууда.
«Элдин ишеничин актап, жерине келип маселени чечиңиздер. Тажик тарап биздин чек арага видеокамара коюптур. Бир камераны алдыра албаган бийлик эмне кылып отурат? Биз сиздерди бүгүн күтөбүз. Келип көйгөйлөрдү чечиңиздер”, – деди тургундар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ