Бүгүн, 29-апрелде саат 14.00дө Тажикстан Республикасынын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери, Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону башташты. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча КР УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Шаршеев Уларбек Зарлыкович окуя болгон жерде чараларды көрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ