Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жергиликтүү кеңештин депутаты Кубаныч Баяновго белгисиз адамдар артынан ок чыгарышкан. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда окуя 5-ноябрга караган түнү болгон.
“Кубаныч Баянов айылдык кеңештин төрагасы. Окуя 5-ноябрь күнү саат 22.30 чамаларында болгон. Жабырлануучу Тажикистандын Худжант ооруканасына жеткирилген”, – деп маалымдашкан милициядан.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ