Menu

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облустук ооруканасына барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Баткен облусунун Баткен районундагы Баткен облустук ооруканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында ар кандай деңгээлдеги жаракат алган адамдардын абалынан кабар алды.
Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык багыттар боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Жабыркагандарга тийиштүү деңгээлдеги медициналык көмөк көрсөтүлүшү тийиш, зарыл болгон учурда медициналык персонал башка облустардан, анын ичинде Бишкек шаарынан да кошумча тартылат. Ал эми учурда дары-дармектер жетиштүү көлөмдө», – деди Артем Новиков.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган жана ал учурда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жүрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: