Menu

Мамбет Мамакеевдин кулагы укпайт деген ким?

Бөлүшүү:

Ысык-Көл областынан чыккан аттуу-баштуулардын составынан куралган «Ысык-Көл өнүгүү» деген коомдук фонду бар. Ал фондго кезек-кезеги менен аткаруучу директор шайланат, атайын жыйналыштын натыйжасында. Өткөн айда жыйналыш болуп, мына ошол коомдук фонддун аткаруучу директорлугун шайлоо Тоң районуна тийди. Аталган фонддун учредители Кубанычбек Исабеков. Бирок таң калыштуусу Исабековсуз эле анын колун жасалма коюшуп, бир топ саясат жүрүп кетиптир. Мындай башаламан саясаттын башында сакалдуу башы менен Турсунбек Чынгышев турганын эшиттик. Аксакалдар кеңеши деп түзүп алып, анын башына өзүн шайлап алыптыр. Мына кызык. Жыйналышта ал маселе да көтөрүлүп, Чынгышевдин ордуна Мамбет Мамакеевди коёлу деген сунуштар түшкөндө, арасынан бир «чилиш», «Мамакеевдин кулагы укпай калган, аны шайлаганга болбойт» дептир. Мамакеевдин кулагы укпай калбай эле, операцияларды өз колу менен жасап, тың басып жүрбөйбү. Биринчи тиги өзү Мамакеевдей болуп алып анан сүйлөсө болмок экен. Кулакты укпайт деген сөздү жыйналышта отургандардын бири дароо Мамбет аксакалга жеткирип бара салган экен, кайран аксакал абдан капа болуп, ызаланыптыр. Анан кантсин, килейген Эл Баатырына кайдагы бир чимкиригин тарта албаган бирөө шек келтирип жатса. Мына ушундай көлдүк аксакалдардын баяны. Анан кантип Ысык-Көл өнүгөт, анан кантип көлдүктөр ынтымактуу боло алат? Дүжүрлөр дүжүрлүгүн коймоюн, эч качан Көлдө ынтымак орнобойт. Кайран гана аксакалдар…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: