УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын башчысы өлкөгө келер менен дароо Баткенге жөнөп кетти.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев 28-апрелде дарылануу үчүн Германияга учуп кеткен. Бирок Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу ал ооруканага жетпей кайрадан Кыргызстанга кайткан.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жалпысынан 134 жаран жарадар болуп, анын 13ү каза тапты.
Бүгүн, 30-апрелге карата Баткен районундагы кырдаал турукташып ок атуулар токтотулган. Учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ