Бүгүн, 30-апрелде К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 2-регионалдык бизнес-инкубатор ачылды. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында аталган университеттин жана региондун Каракол шаарынын стартап экосистемасын өнүктүрүүгө багытталган ресурстары (илимий-өндүрүштүк лабораториялар, студенттердин иштелмелери жана долбоорлору, жаңы продуктулар, Ысык-Көл областындагы мобилдик операторлордун кызмат көрсөтүүлөрү)менен тааныштыруу жүргүзүлдү.
Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Жоодарбек Жумабаев катышуучуларды
Кыргызпатенттин ишмердиги жана Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордо бизнес-инкубаторлордун ишин жандандыруу долбоору менен тааныштырды.
Ал эми “Стартап Кыргызстан 2021” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири, Izde.space долбоорунун негиздөөчүсү Алия Асанбекова стартаптардын иштөө принциптери жана өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндап, стартап долбоорлорду ишке ашыруудагы ийгиликтүү тажрыйбасы менен бөлүштү.
Кийинки бизнес-инкубаторлордун ачылышы 11-12-май күндөрү М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ