ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды сатуу менен алектенген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысын аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ийгиликтүү аяктады.
Аталган иш-чаралардын натыйжасында 56 жаштагы жаран баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.
Кармалган жарандын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда, кара куурай мүнөздөгү жытка ээ болгон, кара жашыл түстөгү зат табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 115 грамм гашиш алынган.
Аталган адам жеке айдоочулук менен алектенип келген жана өзүнүн жеке унаасын баңгизаттарды ташуу үчүн колдонуп, борбордогу чет мамлекеттердин конокторуна гана сатып жүргөңдүгү аныкталды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш изилдөө иш-чараларын жүргүзүү уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ