Menu

Казакстандын саламаттык сактоо министри коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын тең алууга чакырууда

Бөлүшүү:

Казакстанда 1 млн 486 миң киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Болжол менен 400,7 миң кишиге вакцинанын эки дозасы берилген.

Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой шаршембиде межилис жыйынында билдирди. Ал вакцинанын эки дозасынын ортосундагы аралык 45 күндөн ашпай турганын белгиледи.

Апрель айынын ортосунан баштап Казакстанда «Спутник V» вакцинасынын биринчи жана экинчи дозасынын ортосундагы аралык узартылган. Эгер мурун вакцинанын экинчи дозасы биринчисинен 21 күн өткөндөн кийин сайылса, азыр экинчи эмдөөнү 45 күндөн кийин алуу сунушталууда. Бул арада Казакстандын башкы санитардык дарыгери Ерлан Киясов 90 күн аралыгында экинчи дозанын алса боло турганын айтты. Илимий-медициналык Medsupportkz коомчулугу аткаминердин бул чечимине каршы чыгып, адам экинчи дозаны тезирээк албаса, вирус жуктуруп алышы мүмкүн экенин эскерткен.

Казакстанда эмдөө үчүн орусиялык «Спутник V» жана али үчүнчү сыноодон өтө элек жергиликтүү QazVac вакцинасы колдонулууда. Өткөн айдын соңунда Алексей Цой жакын арада кытайлык Sinopharm вакцинасы да келе турганын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: