Menu

Ош ОИИБдин милициянын көчмө кабылдамалары Лейлек жана Баткен райондорунда жергиликтүү тургундары кабыл алууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-майда Ош ОИИБдин 8 милициянын көчмө кабылдамасы Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда жергиликтүү элдерге жеринде
үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, мал уурулуктун алдын алуу, болтурбоо максатында элдер менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн чечүү максатында иш-чараларды алып барышты. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү элдер негизги көйгөйлөрүн айтышып, тез арада чечип берүүлөрүн суранышкан. Жолугушуу учурунда жергиликтүү элдер тарабынан айтылган  көйгөйлөр төмөнкүлөр:

1) Чек ара тилкесинде тез арада зымдарды тартып, кошуна мамлекет менен биротоло жерлерди чечип берүү;

2) Күйүп кеткен үйлөрдүн аба-ырайы кескин өзгөргөнгө чейинки тез арада оңдоп-түзөп үйлөрдү бүтүрүп берүү;

3) Мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан акчаларды бир фондко түшүрсө, ошол фонддон алып керектүү жерлерге иштетсек;

4) Электр жарыктарын жана таза суунун көйгөйлөрүн жакынкы аралыкта  чечип берүү.

Тургундардын айтылып өткөн көйгөйлөрү боюнча каттар тиешелүү органдарга жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: