Menu

Салымбековдун ар бир сому саналуу

Бөлүшүү:

Капыстан Бакыт Төрөбаев менен Аскар Салымбековдун жандашып жүргөнүн чырк эттирип алгандар тимеле Американы ачкандай дуулдашты го. Эми экөө бириксе шайлоодо утабы деген божомол-дөдөмөлдөр чаптала баштады. Негизи дайыма эле кайсыл бир олигархка бир саясатчы жакындады дегиче имиштерди жайылтууга аракет кылгандар толуп кетти. Бири билип айтса, экинчиси кыйшык отуруп алып өзүнчө кыйын боло бермейди тыштаганга дараметибиз жетпей калды го дейм.

Сөздүн ток этер жерин айтсак, мындан ары Аскар мырза шайлоого барам деп оолукпайт. Анткени 2015-жылы анын көңүлү шайлоодон көк таштай калган. Кайран миллиондорду эстегенде азыр да настроениеси носкиге түшүп кетет. Кантсе да акчанын баркын билген көпөстөр бир сомдун эмнеге жараарын жакшы билет эмеспи? Анын үстүнө ал Орто Азиядагы көзгө толумдуу футболдук стадионду куруу демилгеси менен чыгып алган. Демек, ошол мүдөөсүн аткарууга жанын карч ураары маалым. Мандат алып, мадырайып парламегнтте отуруу мезгили өтүп кетти ал үчүн. Эгерде Салымбековдордун ичинен идиректүүсү табылса балким ошого бираз акчасын себелеши мүмкүн. Анда дагы жети өлчөп, кырк ирет чотко салып атып араң макул болорун деле жакындан билебиз. Бекер өпкө капканда гана болорун туйган олигарх эч убакта Төрөбаевдин кылтагына илинбейт. Түз эле жерден кепти чуңкурга сала берүүдөн майнап чыкпайт, бурадар!

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: