Menu

Сурхандарыяда май куюучу жайдагы өрттөн бир киши өлдү. Күбөлөр ӨКМди жалган маалымат таратууга айыптоодо

Бөлүшүү:

4-май күнү эртең менен Сурхандарыя облусунун Шурчин районунда жайгашкан Озод маалесиндеги май куюучу жайдагы дизель сактоочу кампалардын бири өрттөндү.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) төрт өрт өчүрүүчү унаа ошол замат келгенин, жарым саат ичинде өрт өчүрүлгөнүн билдирди.

Расмий маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен май куюучу жайдын бир кызматкери ар кандай деңгээлдеги күйүк менен райондук ооруканага жеткирилген.

Бул арада күбөлөр Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жалган маалымат таратууга айыпташты.

“Май куюучу жайдан өрт чыкканда биз ошол жерде болчубуз. Өрт өчүрүүчүлөр эки сааттан кийин келишти. Андан соң алардын мындай өрттү өчүрүү үчүн атайын техникасы жок экени аныкталды. Өрт өчүрүүчүлөр дээрлик эч нерсе кыла алышкан жок. Өрт төрт сааттан кийин өзү өчтү”, – деди күбөлөрдүн бири.

Күбөлөрдүн дагы бири өрттөн жабыркаган Абдуназар Холмуродов ооруканада каза болгонун, 5-майда анын сөөгү жерге берилгенин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: