Menu

Памирдеги «жүлдү» билбегендер, Кашкардагы Алымканга арналган Токтогулдун ырын «дил» деп бузуп жүрүшөбү?

Бөлүшүү:

Тоо булбулуна айланган айтылуу ак таңдай акыныбыз Токтогул Сатылгановдун Алымканга арналган тунук махабаттын туу чокусундагы ыры көпчүлүктү тамшандырып гана тим болбостон, түрдүү талкууга жем таштаганын билебиз. Маселен, ырдын өзөгүнө камтылган сөздөргө маани бербегендиктин айынан жана кыргыздын кол эмгегиндеги эң уникалдуу болгон «жүлдү» билбегендиктин кесепетинен ыр сабындагы сөз бузулуп, жыйынтыгында Алымкан кайсы өрөөндөн чыкканы табышмакка айланып калды. Андан бери Алымкандардын саны көбөйдү.

1-Алымкан:
Алымкан Субанкул болуштун кызы деп айтылат. Аны жазуучу Ш.Абдыраманов минтип жазган: «Ырас, Алымкан деген кыз болгон экен, бирок ал жөнөкөй эле сулуу кыз эмес, байлык, бийлиги ташып, Аксынын бир өнөрүн чоюп, эл-журтун солкулдатып турган Субанкул болуштун кызы болгон экен. Зор мансаптуу болуш өз кызын күйөөгө берүүдө эсте каларлыктай шаан-шөкөт менен узатууну чечсе керек. Зор той өткөрүп, ырчы-комузчуларды чогулттурат. Ушул учурда Кетмен-Төбө тараптан Токтогул акын да келип калган экен дешет. Ошондо Субанкул болуш ага айтат: – Токтогул, мен кызымды күйөөгө узатып жатам. Кайын журту, күйөөсү жана кайната-кайненеси алдында анын баркын көтөрүп, үн кошуп кой, — дейт. Ошондо Токтогул төгүп ырдайт. Атасы Субанкул болуштун байлыгын, бийлигин, марттыгын кошуп ырдайт. Аксы жеринин кооздугун, сууларынын тунуктугун, тоолорунун бийиктигин кошуп төгөт. Эл муюп тыңшап турат. Бул окуя көптөрдүн эсинде калган. Баары унут болуп да кеткен» [1].

1962-жылы Т.Касымбеков сценарийин жазып, кино тартканы Аксыга барса, ал кезде Субанкул болуштун кызы Алымкан 82 жашка чыгып калган экен: «Мен Токтогул деген ырчынын жүзүн да көргөн эмесмин, тоюмда ырдаганын кийин атамдан уккамын» деп айтып, балдары чогулуп келип, кинону ал жерден тарттыртпай коюптур» [1] деп жазган Ш.Абдраманов.

2-Алымкан:
Айтылуу төкмө акын Ашыраалы Айталиев кадимки Коргоол Досу уулунан уккан Алымкан бар. Аны журналист Адилет Айтикеев төмөндөгүдөй жазган: «Азыр Токтогул менен Алымканды өзүнчө эле сүйүү романына айлантып жатышпайбы. Чындыгында андай болгон эмес. Алымкан менен Токтогул жаш кезинде көрүшпөй эле, Токтогул Сибирден кайтып келгенден кийин кездешип калган жайы бар. Бир ирет Токоң Аксы тарапка Коргоолду ээрчитип алып эл аралап келмекке барат. Ошол жерден бир манаптын үйүнө конуп, түн киргенче керегени түрүнө шыкаалаган көпчүлүккө чер жаза ырдап берген Токоң адатынча керээлден-кечке кызмат кыла чуркап жүргөн келиндерге кечинде тамаша тартуулайт. Негедир ошол маалда келиндердин арасында отурган ошол үйдүн сулуу келини Алымканга ашык болуп, Коргоол аркылуу анын атын суратып, тактап алгандан кийин элүү жашты аркалап калган акын жаш жигиттей чечилип, билекти түрүнүп алып ашыктык ырларын ырдап, Алымканга тийишип, жаш келиндердин көңүлүн көтөрөт. Таң атып, эл тарап жаткан маалда Токтогулга ыраазы болгон Алымкан суусар бөрк, сайма чапан, акча даярдап, Коргоол аркылуу ырахматын айтып, акынга берип жиберет. Тилекке каршы, байлыкка кызыккан Коргоол акын берилген олжону устатынан кызганып, Токтогулга: «Алымкан Сизди уяты жок адам экен. Карыганда жаш келиндерге калжаңдаган кандай абышка деп тилдеди», -деп жамандап барат. Аны угуп ачууланган Токоң Алымканга тескери бата берип, наалат сөздөрүн айтат. Токтогул акындын наалаты абдан катуу болгон. Ошол наалат тийгенби, же башка себеби барбы, айтор айыкпас ооруга туш болгон Алымкан көп узабай каза болуп калыптыр. Мунун баарын мага устатым Коргоол акын өкүнүп, өзү айтып берген» [2].

3-Алымкан:
Субан бийдин кызы Алымкан боюнча жазуучу Самсак Станалиев жазган: «Алымкандын тагдыры татаал болгон экен. Ал үч жолу турмушка чыгып, үч күйөөсү тең каза болуп калат. Алардан таркаган балдар азыр Жалал-Абадда, Аксыда, Таш-Көмүрдө турушат. Ошолордун бири он бир жашына чейин Алымкандын колунда тарбияланган адам – кийин жогорку билимге ээ болгон тарыхчы, партиялык кызматтарда, мектепте директор болуп иштеген. Мына ошол адам мага Алымкан жөнүндө болгон чындыкты айтып берди» деген жазуучу агабыз: «Аксынын ак шайы сулуусу 1874-жылдын кеч күзүндө, Кой-Таш айылынын жогору жагындагы Бака-Улак кыштоосунда жарык дүйнөгө келиптир. Атасы Субан жайытына малы, төрүнө баскан байлыгы батпаган, тектүү жерден тээк издеп, жакшы жерден чыккандар менен теңирин сүйүп катташкан, өзгөлөрдөн өз кадырын өйдө койгон адам болуптур. Угуттуу саруу уруусунан таралган оготур уругуна таажылуу бий болуптур. Субан бийдин үч аялы болуптур. Үчүнчү аялы болгон маңдайы жарык Макмалдан Абдылда аттуу уул, Алымкан, Мээлкан, Уулкан деген чолпондой үч кыз көрөт. Кыздарынын арасынан Алымкан атасына жакын өсөт…

Жоомарт Бөкөнбаевдин жазганына караганда 1880-жылдары Кашка-Суу жайлоосундагы бир жыйында Токтогул атын угуп, акылына түйүп жүргөн Алымканына жолугат. Ал кезде Аксынын сулуусу Алымкан 16да, Токтогул 26ларда болот. Токобуз Алымканды алгач көргөндө анын жанда жок жароокерлигине, сүйгөн жандан кездешпес сүйкүмдүүлүгүнө таң калса керек да, анын кайсы бир жактарынан Толгонайды көрүп, ага назарын салып, жылдызы келишсе керек. Ушундай өкүнүч менен бүткөн сүйүүсүнүн арты менен тапкан арзуусу азыркыга чейин ырдалып келет. Жеңилбес ырчы Жеңижок менен комуздун кылын сүйлөткөн Ныязалыга бир ирет барган кезде сөздєн-сөз чыгып олтуруп Токтогул өз тагдырын, жаш кездеги бир арманы болгон, көөнүнө жагып, көңүлү арбалып, Бирок көөдөндөн сыр чечишип бир боло албай калган Толгонайын айтат. Кеп учугу уланып «Аксылык жигиттердин ыры» аталган Алымкан жөнүндө сурап, кызыгы ойгонот… Жеңижок менен Ниязалы Токтогулга жардам кылышкан. Эки жаштын жолугушуп кол алышына, көңүлдүн сөзүн көңүлгө салышына шарт түзүшкөн. Алымкандын жеңеси Айбүш аркылуу сүйлөшүп, Айбүш аркылуу өзгө, көзгө көрүнбөй жолугушуп турушкан экен. Ал кездин жолу ошондой болгон. Кошумчалай турган сөз, Алымкан ырчыны сынынан өткөзүп, жактырганы кандай экенин сурап, айтор, көкүрөгүнө жакын алып жүргөн жайы болгон имиш. Акыры эки ашык беришкен сөздөрүн бекемдеп, Алымканды жеңеси аркылуу чыгарып, Токо өз жерине алып кетмек болот» [3]. Тилекке каршы, баш кошпой калып, Субан бий кызын сатыкей уруусуна берип, Алымкан кийин да үч жолу нике жаңырткан экен.

4-Алымкан:

Акыркы жылдары Кытайга карап калган Кашкар шаарына жакын жердеги кыргыз айылындагы Алымкан белгилүү болду. Жазуучу Ш.Абдыраманов Кытайдан көчүрүлүп келип, райондун борборундагы ашканада түнкү кароол болуп иштеген 65- 70тер чамасындагы Касым деген киши боюнча жазган. Ал киши Токтогулду өз айылында көргөнүн айтып, «Алымканды» башка обон менен ырдап бергенин жазган Ш.Абдыраманов китебине кийин минтип бышыктап: «Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыздарынын атактуу манасчысы Жусуп Мамайдын билдирүүсү болду. Ал Токтогулдун Кашкарда жүрүп, андагы кыргыздарда болгондугунун ишенимдүү айтты. Ал муну жазуучулар менен жолугушуусунда билдирген. Андан кийин кытайлык акын жана окумуштуу Макелек Өмүрбай «Токтогул Кашкарда болгон» деп айтып жүргөндүгүн уктук. Эң акыркысы маркум акын Жолон Мамытов 80-жылдардын орто чендеринде Кызыл-Суу кыргыздарында болуп, алардан мурда Токтогулдун болгондугун угуп, анан келип, «Тегирментидеги 90 күн» аттуу драмасын ыр менен жазып жатып, бүтпөй көз жуумп кетти. Анда Токтогулдун дал ошол кызыл-суулук кыргыздарда болгондугу, андагы болгон сүйүүсү жөнүндө баяндалат. Демек, Токтогулдун Кашкарда болгондугун анык» [4] деп жазган. Абдыкерим Муратов агабыз: «Эмнегедир ушул окуя – ушул Алымкан Аксыда эмес, Кытайдын бир айылында болгондо жанагы Ш.Абдыраманов айткан Алымканга дал келет десек болот» деген оюн билдирген.

Барыбыз байкагандай, тоо булбулу болгон Токтогулдун бир ырынын төркүнүн издегендер төрт Алымканды табып чыгышты. Кимиси чыныгы Алымкан экени билинбей, бүдөмүк болуп калды. Албетте, эми ырдын өзүнө талдоо жүргүзгөндө гана аныгына жетебиз. Бул ишти баштаган А.Муратов агай ырдагы сөздөргө терең маани берип: «Мындай карасак анда Кашкар мотиви, кызыл-суулуктардын этномаданий, лингводүйнөсү табылышы мүмкүн (Кашкардын тоосу кайрылыш экендиги; көк кештеп, сары кештеп тиккен жоолук; көк алма, ак алма; акшайы, көкшайы)…» деп кеп төркүнүн чыгарды. Чындыгында эле «Алымкан» ырында Кашкардын мотиви жатат. Тагыраагы, Сары-Кол (Памир) кыргыздарынын өзөгү турат. «Кашкардын тоосу кайрылыш» деген сөз дагы бекеринен кирген эмес, аны көзү менен көргөн киши гана айталат. Экинчиси, адабий тилдеги «сайма» сөзү Памир кыргыздарында «кеште» деп айтылат. Азыр да саркеште, көккеште, тетирикеште, оңкеште дегендер бар, сарыколчу кыргыздар муну жакшы билет. Эң негизги, чечүүчү сөз «Атка салган дилдейсиң» деген сапта жатат. «Дилдейсиң» деген сөздү жасалма кошкон, эч ким түшүнбөйт. Турмуш чындыгында бул «жүлдөңсүң» деген сөз. Салыштыруу менен берилген. Анткени, сайма, таар, килем ж.б. кыргыздын кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусунда «жүл» турат. Жүл кыргыз аялдарынын колунан жасалган кереметтин бири. Азыр Памир кыргыздарында бар, үйлөрүндө илинип турат. Аны төөнүн жүнүнөн согуп, боз үйдү кооздойт жана атка жабуу кылат. «Дикак» деп айтылат. Токтогул Алымкандын сулуулугун так ошол атка салган жүлгө салыштырып «Атка салган жүлдөйсүң, ачылган кызыл гүлдөйсүң» деп ырдаган. Жүлдөйсүң менен гүлдөйсүң дегендин уйкатыштыгы да бир, мааниси да төп келет. Ал эми дилдейсиң менен гүлдөйсүң уйкашпайт. Кыскасы, бузулган ырдын сабы калыбына келтирип, Алымкандын кайдан экенин элге тактап бере турган учур келди.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: