Menu

Чыңгыз Айдарбеков, экс-министр: “Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргызстанга кайтарып берүүсүн унутпасын”

Бөлүшүү:
“Учурдагы КР Акыйкатчы белгилегендей, тажик тарап «он сегиз жылдан бери ушул шарттарды – чек ара маселелери боюнча бардык сүйлөшүүлөрдө 1924-1927 жылдардын карталарын карап чыгууну» такай айтып келет.
Интернеттеги ачык булактардан алынган карталарды карап көрсөк, көптөгөн кызыктуу фактыларды таба алабыз.
Мисалы, 1924-1927-жылдардагы карталарга таянсак, Кыргыз Республикасында Мургаб аймагын өзүнүн тарыхый мекени менен бириктирүү маселесин көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар”,  – деп жазды бүгүн, 6-майда экс-тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
Возможно, это изображение (карта)
“Ошону менен бирге, эгерде картаны карасак, Ворух Кыргыз Республикасы менен коридор катары байланышкан.
Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргыз Республикасына кайтарып берүүсүн унутпасын.
Совет доорундагы тажик тарабы менен болгон баардык карталар Кыргыз Республикасы үчүн жараксыз, юридикалык күчүнө ээ эмес.
Тажик тарап карталарды өз кызыкчылыгына эле таянып ары-бери чойгулай берсе болобу?”, – деп жазды ал.Возможно, это изображение (карта)
Белгилей кетсек, Тажикстандын “Ховар” улуттук жаңылыктар агенттиги чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майдагы жолугушуусунан кийинки биргелешкен билдирүүсүн жарыялаган.
Ага ылайык, тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашкан. Ошондой эле, эки тарап №43 – №61, №135 – №141 чек ара чекиттеринин долбоордук тилкесин чийип чыгууну, ал үчүн 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык чек бөлүүнүн, 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонууну макулдашкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: