Menu

Исхак Масалиев: “Жээнбеков баштаган парламенттик шайлоо процесси дагы деле токтотула элек”

Бөлүшүү:

Экс-депутат Исхак Масалиев  Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону жокко чыгарууга байланыштуу кырдаалга пикирин билдирди.

Ал жокко чыгаруунун бирден-бир себеби 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктарынын чыгарылбай жаткандыгы экендигин баса белгиледи.

“Негизги суроо: андан кийин эмне болот? БШКнын Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө чечимин сот жокко чыгарды. Мотив: 4-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарбай туруп, БШК кайрадан шайлоону өткөрүүгө чакырды.

Ошентип, БШК 4-октябрда жыйынтыкты шашылыш түрдө чыгарып, андан кийин аларды жокко чыгарып, кайрадан ЖКга шайлоону дайындоосу керек. Процедураны жөн гана сакташ керек. Анткени, сот шайлоону мыйзамсыз деп тааныган жок!

Босого чекти 3%га чейин төмөндөтүү жөнүндө мыйзамды парламент кабыл алып, президенттин м.а. кол коюу керек Кол кой жана адыга жөнө!

Кимдир бирөө президенттн милдетин аткаруучуга парламенттик шайлоону президент гана дайындайт деп кеңеш берген. Ошол себептен алгач президентти шайлаш керек ж.б. Бул туура эмес, анткени ЖКдагы шайлоо жараянын Сооронбай Жээнбеков июль айында баштаган, бирок белгилүү себептерден улам аягына чыкпай калган.

Ал эми шайлоону токтотуу жөнүндө акыркы мыйзам конституциялык нормаларды одоно бузуу болуп саналат. Ал эми конституциялык реформа өз жолу менен кетет “, – деди саясатчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: