Бүгүн, 1-июнда президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өзүнүн туулуп өскөн айылы, Лейлек районунун Катраң айылында мамлекеттин эсебинен курулуп жаткан 225 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышып чыгып, курулушту кечиктирип жаткан курулушчуларды сындап кайтты. Бул тууралу Баткен ТВ кабарлайт.
“Чеберчилик менен иш кылыш керек, кыш кеч кетти деп шылтоо кылбагыла, ошол эле Сибирде деле мектептер курулуп атат. Бул жүрүшүңөрдө 1-сентябрга да бүтпөсүңөр. Эгер бүтпөсөңөр баарыңа кылмыш ишин козготом” – деп эскертти Илмиянов.
https://www.facebook.com/485845031540362/videos/700582063399990/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ