Menu

Атамбаевдей болуп Кодуранова менен Карамушкинанын суракка бармагы “тозок” болду

Бөлүшүү:

Кой-Таш окуясын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия кезектеги отурумун бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүүнү пландоодо. Комиссиянын мындай чечимине ЖК депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова “күнөлүү”. Себеби, дал ушул эки депутат үчүн ЖК имаратына жыйын өткөрүлгөнү турат. Бирок, алардын бүгүнкү кезектеги жыйынга келээр-келбеси да белгисиз. Атамбаевдей болуп эки депутаттын дагы комиссиянын сурагына бармагы көйгөйдү жаратууда…

Аталган комиссиянын буга чейинки отурумдарына Кодуранова менен Карамушкина эки жолу чакырылып, баш тартып коюшкан. Комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алардын жыйынга келүүдөн баш тартканы, алардын жеке чечими экенин билдирген. Бирок, комиссия мүчөсү Исмаил Исаков эки депутат Кой-Ташта болгон окуялардын чордонунда жүргөнүн, алардын маалыматы комиссия үчүн өтө маанилүү экенин баса белгилеп айткан. Жыйынтыгында, кезектеги жыйынды Жогорку Кеңештин имаратына барып өткөрүү чечими кабыл алынган.

Эскерте кетсек, мамлекеттик комиссия 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен түзүлүп, ишти тыкыр изилдеп, иликтөөгө бир ай убакыт берилген. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. Алар УКМК, ИИМ, Аскер прокуратурасынын жетекчилерин жана Кой-Ташта катышкан көрүнүктүү адамдарды сурап бүтүштү. Кийинки отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары, КСДПнын мүчөлөрү Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина чакырылып, алардын маалыматын угуу үчүн парламенттин имаратында өткөрмөй болгон.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясы жүргөн. Анын тарапташтары менен күч органдары кагылышып, бир офицер каза болгон. Ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: