Menu

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде Президент менен Өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Сатыев Медербек Асанбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Зулпиев Бектур Рысбаевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Асанкулов Жеңишбек Асанкулович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: