Menu

ИИМ: Жалал-Абадда жасалма документтерди пайдаланган чет өлкөлүк жаран кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери жасалма документтерди пайдаланган чет өлкөлүк жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
359-беренеси (Документтердин жасалмасы) боюнча  жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 30-апрелинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан Өзбекстан Республикасынын жараны 1984-жылы туулган М.Жны кармашкан.

Ал Өзбекстан Республикасынын жараны 2018-жылы Ноокен районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү
тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жараны 1980-жылы туулган С.Т. наамына таандык жасалма паспорт  менен Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Бул факты 2021-жылдын 1-май күнү Ноокен РИИБнин КЖБРне  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек арадан
мыйзамсыз өтүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш  башталган. Ошол эле күнү чет өлкөлүк жаран М.Ж. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде камакка алынган.

2021-жылдын 6-майында соттун токтомунун негизинде  М.Ж. жашап жаткан үйгө тинтүү жүргүзүү учурунда  1980-жылы туулган С. Т. наамына алынган
туулгандыгы жөнүндөгү жасалма күбөлүк, болжолу менен 15 грамм марихуана баӊгизати, диний мазмундагы китепчелер жана уюлдук телефон табылып
алынды.

Азыркы учурда, алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып,  сотко чейинки өндүрүш иштер жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: