Menu

Баткен эли колдоо көрсөткөн мекендештерге жана дүйнө коомчулугуна ыраазычылык билдирет

Бөлүшүү:

Баткен эли колдоо көрсөткөн мекендештерге жана дүйнө коомчулугуна ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

“Баткен элинин башына түшкөн оор кырдаалга кайдыгер карабай, чын дилден көрсөткөн жардамыңыздар үчүн, ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларга байланыштуу, “Баткен облусунда ондогон өмүрлөр кыйылып, жүздөгөн жарандар жараат алып, жүздөгөн үй-бүлөлөр турак жайсыз калды” деген кабарды, ар бир мекендешибиз оор жоготуу катары кабыл алганын сезип турабыз.  

Мындан улам, кайрымдуу инсандар тарабынан  “Баткен биз сени менен” деген ураан аркылуу, моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү иштери ыкчам жана аябай активдүү уюштурулуп жатат. 

Кыргыз эли  ынтымагын, биримдигин жана  берешендигин дагы бир ирет далилдеди. 

Бул күндөрү бизге өлкө аймагынан эле эмес, дүйнө коомчулугунан да жардамдар келип жатат.  

Жалпы облус элинин атынан, жардам колун сунган ар бир жаранга терең ыраазычылык бидиребиз. 

Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун”, – деп айтылат маалыматта.. 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: