Menu

Асейин Саралаев, активист: “Азыр өлкөдө Садыр Жапаровдой түштүк да, түндүк да колдогон башка саясатчы жок – бул ачуу чындык”

Бөлүшүү:

Азыр мен бир дагы САЯСАТЧЫНЫН жана ЖАШ АКТИВИСТТЕРДИН чакырыктарына ишенбейм жана колдобойм! Эмне үчүн? Анткени азыр Кыргызстанда бийликтен тыш жаштарды да, саясий күчтөрдү дагы бириктире турган, аларды ээрчитип кете турган бир дагы ЛИДЕР ЖОК!!! Кана айткылачы ким бар? Кимди ээрчийсиңер?Ар ким өзү жакшы көргөн саясатчысын хан көрүп турган заманда эч кимиңер эч кимди ээрчибейсиңер! Ар кайсы топтор өз кишисин гана жабыла мактайт! Илимдин кандидатын профессор кылып салат. Колдогон министри кызматтан алынса Өкмөттүн баары тупой, бир ошол министр акылдуу дешет. Бул чындык! Ал эми «Мен саясатчымын, укмуш патриотмун, машаякмын» деген жаштардын БАРКЫ ДА, БААСЫ ДА, КАДЫРЫ ДА жок экенин Парламенттик шайлоодо, анын арты менен болгон 5-октябрындагы төңкөрүштө, анан Президенттик жана жергиликтүү кеңештердеги шайлоолордо көрдүк жана күбө болдук. Айланайындар ошол күндөрү балакет болсо, бүгүн силер ай-күнгө теңеп аткан феномениңер Жеңиш Молдокматов сыяктууларды жаштар көтөрүп чыкпайт беле? Жеңиш Молдокматов лидер болгон ПАРТИЯНЫ шайлабайт беле? Жеңишти кошуп таш менен кууп чыгышты эле го? Ошол октябрдагы оор күндөрү өлкөдө ЧЫНЫГЫ ЛИДЕР жок экенин көрбөдүкпү? Жаштары аксакал саясатчыларды жээрип, аксакал саясатчылар жаштарды тескей албай ХАОС болду эле го? Эгер бүгүн да төңкөрүш боло турган болсо анда эч кимден эч кандай жакшылык күтпөй эле койгула!!!

Бүгүн кудайга шүгүр Президентибиз бар! Жакшы көрөбүзбү же жек көрөбүзбү бирок Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамлекетти эки апааттан сактап калышканын бүгүн айткыбыз келбесе дагы кийин тарых беттеринде сөзсүз жазылып биздин балдарыбыз ыраазычылык билдиришет… Мен кечээ эле ЮГОСЛАВИЯ алтыга бөлүнүп тарап, чек аралардын жана этностук кырдаалдан улам коңшулар арасында кан төгүлгөн окуяларды иликтеген жазуучу менен маектештим. Ал жиберген маалыматтарды окуп кечээки Баткен окуясында биз жек көрүп аткан Садыр Жапаровдун туура кадамдарга барганына көзүм жетти. Ал жөнүндө дагы кенен жазам… Башкы Прокуратура Тажикистанды «агрессор, баскынчы» катары тааныганы жетиштүү болду. Бир гана нерсе Эмомали Рахмондун алдына барса дүйнөлүк саясатта баага татып, бирок өлкөнү душманга басып берген болуп калат. Жапаров элди тандайт деп ишенем. Душанбеде эмес Ташкентте жолугушуу өткөрсө туура болот деп ойлойм.
Мен эмнени айткым келди? Учурда биздин оппозиция болумуштар өздөрүнүн эл ээрчибешин билип АТАМБАЕВди беттерине калкан кылып эптеп бийликке жетүүнүн амалын башташкандай… Садыр Жапаровду алсыздандыруу үчүн Камчыбек Ташиев экөөнүн ортосуна от салуу операциясы кызуу жүрүп жатат. Анан АТАМБАЕВДИН сценарийи боюнча «Садырды БАКИЕВДЕР алып келди, БАКИЕВДЕР бийликти алды, БАКИЕВДЕР келе жатат, БАКИЕВДИН Конституциясы, БАКИЕВДИН кадрлары, БАКИЕВДИН мүлкү» деген эле катын ушактарга толгон жөө жомоктор аркылуу элдин башын айлантуу амалы чолоңдоп басып жүрөт… Айланайындар болду эми БАКИЕВДЕРДИН балакетин албай эле койгулачы! Башкасын айтпасам дагы, Бакиевдердин бир да үй-бүлө мүчөсү Атамбаевдин эки уулундай жана тууган-уругундай болуп жутунуп партия түзүшүп Парламенттик, шаардык кеңештердин шайлоолоруна катышкан жок. Бакиевдер он бир жылдан бери өлкөнүн саясатына аралашкан жок. Тескерисинче улуу айда Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек баш болуп Курманбек Бакиевдин атынан Россияны түрө кыдырышып мекендештерибиздин ооздорун ачырып, жардамга муктаждарга жардам берип жүрүшөт.
Эми эмне дейин… Апам айткандай сендик-мендикти жыйыштырып туруп Президентибиз Садыр Жапаровго туш тараптан колдоо көрсөтүп ал баштаган реформаларды ишке ашырууга жардам берсек кандай болот? 5~майдагы кайрылуусунда жакшы багыттарды айтты. Калп эле бийликке жутуна бербей Жапаровго олуттуу сунуштарды, программа, долбоордорду сунуштабайлыбы? Ал туура эмес кылып жатса туура деген программаны көрсөтпөйлүбү?
Калп эле акылдуу болуп элди ирите бергенден пайда чыкпайт!
Элди ээрчитип кете турган бир лидер жок, токсон адам токсон жакка басып, Эмомалидей душмандар котур ташын койнуна катып турган учурда ПРЕЗИДЕНТИБИЗДИ колдой турган учур келди го дейм…
Кудайга шүгүр Садыр Жапаров «Финансы полициясы» сыяктуу ажыдаарды жоготкону, кээ бир кландык мафияларды талкалаганы жакшы эле болду. Гүленжи, баптист, хизбутчик, бадыраң министрлерди, акимдерди ай-күнгө теңеген сектанттарды укпаса дагы жакшы болот. Кадр саясатында секталарды, жалданма журналисттерди, зомбилерди укпаганы жакшы.
Азыр Садыр Жапаровдун колунда үч тилек аткара салган алтын балык дагы Жиндин кумарасы дагы жок. Мүмкүн бир жыл, балким беш жыл ичинде өлкөнү өнүктүрүү жолуна салат… Ал үчүн сиздин жана биздин дагы жардамыбыз керек! Экс-президенттер Акаев менен Бакиевди өлкөгө чакырып, алардын дагы кеп-кеңешин алып, мурдагы спикер жана 30 дан ашык Премьер-министрлердин да ойлорун угуп, балким алардын башын бириктирген УЛУТТУК КЕҢЕШ түзүп иш жүргүзсө жаңылбайт деп ойлойм…
БИР АЧУУ ЧЫНДЫКТЫ АЙТАЙЫНБЫ? Азыр өлкөбүздө түндүк-түштүктөгү көпчүлүк колдоп аткан бир гана Президент САДЫР ЖАПАРОВ болуп турат. Андан башка эч ким жок! Ошондуктан өлкөбүздүн келечеги үчүн биримдик менен иш жүргүзөлү!!! Бийликти сындайлы бирок сын менен кошо сунуш берели! Шайлоого барып көпчүлүктүн добушун алган ПРЕЗИДЕНТИБИЗДИ тыштагы душмандарды кубантып «зек, бандит, аферист» деп кемсинткенибиз туура эмес!
Менин жазганым бийликке жагынуу, пахта коюу, коркуп-үркүү эмес. Болгону Баткен окуясынан кийинки өз көз карашымды жаздым. Мен экс-Президентибиз Курманбек Бакиевди, генерал Жаныш Бакиевди терең урматтап, Карганбек Самаков, Акылбек Жапаров, Адахан Мадумаров жана Талатбек Масадыков сыяктуу агаларымды кошо абдан сыйлайм! Садыр Жапаров дагы бул инсандар менен өлкөнүн келечеги үчүн иштешет деп ишенем.
Садыр ЖАПАРОВ мындан ары: бакырчаактарды, сектанттарды, кооз сүйлөгөндөрдү, хайпер блогерлерди, айрым чала спортиктерди, соц тармактагы отдел кадрларды укпаса жакшы болот… Тышкы саясатта дагы такшалып КУРМАНБЕК БАКИЕВДЕЙ коңшуларды ийилтип турган ПРЕЗИДЕНТ болот деп ишенем!!!
Асейин Саралаев, активист.
Автордун стили, орфографиясы жана пунктуациясы өзгөртүлбөй жарыяланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: