Menu

Саясатчы Жеңиш Молдакматов эки айга камалды

Бөлүшүү:

Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев маалымдады.

“Мурунку беренени “массалык башаламандык уюштуруу” дегенге которуп, эки айга камакка алды. Октябрь айында жалгыз Жеңиш Молдакматов болгон эмес. Утулуп калган 12 партиянын өкүлдөрү чыгышкан”, – деди жактоочусу.

Биринчи май райондук соту Молдакматов 6-июлга чейин №1 тергөө абагында кармаларын билдирди.

8-майда Молдокматовду адегенде бөгөт чарасын кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна алып келишкен. Бирок, аны кайра милицияга суракка алып кетип, Жазык кодексинин 264-берене (“Массалык башаламандыктар”) боюнча дагы шек саналып жатканы белгилүү болгон. Жактоочусу Турдалиев милицияны Молдакматовду камоо үчүн башка беренени дагы кошуп жатат деп сындаган.

Былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-майда суракка барып, 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Милиция ал Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») менен кылмышка шек саналып жатканын кабарлаган. Жеңиш Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: