Кримтөбөл Батукаевди Жаныш Бакиевге айырбаштоо жөнүндө экс-вице-премьер Ш.Атахановдун көрсөтмөсүнө “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов ишенбестигин билдирип, логикага сыйбай тургандыгын айтып чыкты:
“ОДКБ өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдерге ылайык, биз бири-бирибизге каршы чалгындоо иштерин жасабайбыз, ал эми сурак протоколунда Жаныш Бакиевдин уурдап кетүү үчүн атайын операция жасала тургандыгы айтылып жатат. Бул өзүнчө эле фантастика – ким ойлоп тапты экен? Менимче, Атаханов айткан нерсеге аталган кишилер бармак эмес. Деги эле Мамдуманын депутаты Делимханов ким өзү? Ошол Бакиевдин кармап, өткөрүп берет бекен? Атүгүл муну мыйзамдуу жол менен жасаш кыйын. Бандиттерди эле жалдашпаса”.
Феликс мырза Кыргызстан Минск конвенциясынын катышуучусу экенин эскертип, ага катышкан Белорусь дагы укуктук көмөктөшүү керектигин белгилейт.
“Конвенцияга катышкан өлкөлөр бирөөнү өткөрүп берүүдө дал ошол конвенциянын алкагында гана иш алып барат. Атахановдун көрсөтмөсү, чынында, чындыкка коошпой турат. Минтип билимсиз саясатчы же билимсиз юрист гана айтышы мүмкүн. Менимче, коррупциялык көп нерселерди жашыруу үчүн атайын ойлонуп табылгандай”.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ