Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Казань шаарындагы мектепке куралдуу кол салуудан курман болгондорго байланыштуу Татарстан элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.
«Казандагы мектепке куралдуу кол салуудан улам окуучулар менен мектеп кызматкерлеринин курман болгондугу жана жаракат алгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана окуяда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Орду толгус оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп айтылат көңүл айтууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ